Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 21.02.2017 08:09

Чоң-Алайда кар көчкү басып калган үйлөрдүн документтери казылып алынды (фото)

Turmush -  19-февралда Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында кар көчкү басып калган 2 үйдүн ичиндеги документтер казылып алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, документтер менен кошо башка буюмдар дагы кечээ, 20-февралда куткаруучулар тарабынан табылды.

Жаш-Тилек айылында 19-февралда саат 05:30 чамасында түшкөн кар көчкү 2 турак жайды жана 3 сарайды басып калган. Анын кесепетинен 2 окуучу каза таап, 10 адам ар кандай жаракаттарды алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×