Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 22.02.2017 12:01

Чоң-Алайда тазаланган ички чарбалык жолдорду кайрадан бороон жаап салды

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү негизги жолдон Ачык-Суу айылына барган жол бүгүн, 22-февралга караган түнкү саат 03:00гө чейин тазаланган. Бирок, унаа жол кайрадан жабылганын айыл өкмөттүн башчысы Салайдин Бакиров билдирди.

«Ички чарбалык жолдор айыл өкмөттүн карамагына карайт. Биз "Кайди" ишканасынын техникасынын жардамында ички жолдорду ачып жатабыз. Кечээ Ачык-Суу айылына чейинки 12 км жол түнкү саат үчкө чейин толук ачылган. Бирок, катуу бороон кайрадан жолду жаап койду. Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындан сырткары Кара-Кабак, Бурган-Суу, Икос айылдарында жол жабык. Адамдар басууга гана жол бар. Учурда окуучулар мектепке кыйынчылык менен жетип жатышат», - деди С.Бакиров.

Жекенди айыл өкмөтүндөгү көрүнүш дагы ушундай. Учурда Чулук, Шиве айылдарындагы жол тазалана баштаганын айыл өкмөт башчысы Нургазы Акматов билдирди.

«Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен "Кайди" ишканасынын техникаларынын жардамында жол ачуу иштери жүрүп жатат. Бирок, шамал тоскоолдуктарды жаратууда», - деди ал.

Жергиликтүүлөр белгилегендей, быйыл Чоң-Алайда кар оор түшүп, кар көчкүдөн улам адам өлүмү да катталды. Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында 19-февралда саат 05:30 чамасында түшкөн кар көчкү 2 турак жайды жана 3 сарайды басып калган.

ӨКМ билдиргендей, көчкү баскан үйлөрдүн бириндеги Кулубаев Абдысатардын үй-бүлөсүнөн 6 адамды 10 куткаруучу жергиликтүү тургундардын жардамы менен куткарып, аймактык ооруканага жеткиришкен. Ал эми Шербото Эшенкуловдун үйүнөн 4 адам куткарылып, аймактык ооруканага жөнөтүлгөн. Экинчи үйдөгү бир тууган 2 окуучу көчкүнүн алдында калган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×