Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 03.03.2017 16:54

Чоң-Алайдагы окуучулар желекти даңазалап жүрүшкө чыгышты

Turmush -  Чоң-Алай районунда Мамлекеттик туу күнү менен Ак калпак күнү белгиленип, окуучулар жөө жүрүшкө чыгышты. Салтанаттуу аземге Чоң-Алай районунун акиминин орун басары С.Туйгунова, маданият бөлүмүнүн башчысы Б.Бакышев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы П.Бактыбаев, РИИБдин жетекчилиги, райондун имамы жана окуучулар катышты.

Окуучулар райондун борбору болгон Дароот-Коргон айылында жөө жүрүш жасашты. Ошондой эле, райондук администрациянын жыйындар залында иш-чара өтүп, маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программалар тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×