Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 07.03.2017 14:45

Чоң-Алайда үлгүлүү айымдар сыйланды (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунда 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Даанышман эне», «Ардактуу апа» наамдарынын ээлери аныкталды. Иш-чарага райондун аймагында ар кайсы тармакта эмгектенип жаткан алдыңкы аялдар, ардактуу апалар чакырылган. Бул тууралуу райондук маданият бөлүмдүн башчысы Бекназар Бакыбеков билдирди.

Салтанатка район акими Жумадилла Жапаров, маданият бөлүмдүн башчысы, айыл өкмөт башчылары жана жүздөн ашуун аялдар катышты. Салтанаттын жүрүшүндө алдыңкы айымдарга «Даанышман эне», «Ардактуу апа», «Мыкты жетекчи айым», «Мыкты медайым», «Ишкер айым», «Мыкты тарбиячы» наамдары ыйгарылып, грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×