Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 16.03.2017 10:40

Чоң-Алайдын Ынтымак айылындагы кыштоодо мал кырылып калуу коркунучу бар, - жергиликтүүлөр

Turmush -  Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Ынтымак айылында кардын калыңдыгынан райондун борборуна баруучу жол жабылып калып, айылдагы мал-жандык кырылып калуу коркунучунда турат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар маалымдады.

Айыл эли жабылып калган жол аркылуу кыштоого барышат. Ал аймакка унаа бара албай турганын райадминистрациянын аппарат жетекчиси Файзидин Низамов билдирди.

«Ынтымак айылындагы кыштоого 4-5 үй-бүлө барат. Алар алдын ала тоют, азык-түлүктөрүн камдап алышат. Ал аймакка унаа жетпегендиктен ат менен жүрүшөт. Учурда малдын кырылып калуу коркунучу жок. Кыштоого чыккандар жетиштүү тоют камдашкан», - деди Ф.Низамов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×