Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуЧоң-Алай району 16.03.2017 14:24

Бөрүлүү мезгил: Кара-Мыкта тыюу салынгандан бери чыгашаны көбөйткөн карышкырлардын бири атылды (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кара-Мык айылындагы мергенчилер кечээ, 15-мартта карышкыр атышты. Буга чейин айылдагы мал-жандыктарга карышкырлар кол салып, жергиликтүүлөрдү чыгымга учуратып келген.

Бирок, бул айыл аймакта мергенчилерге карышкыр атууга тыюу салынган. Анын себебин Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы, тиешелүү органдардын өкүлдөрү түшүндүрө элек. Мындай тыюу салуудан кийин карышкырлар күч алып, айылдагы мергенчилер нааразычылык билдирип чыгышкан.

Нараазычылык акциясы 2016-жылы 6-сентябрда өтүп, жергиликтүү мергенчилер Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамлекеттик агенттигине караштуу Жаратылыш ресурстарын пайдалануу департаментинин кызматкерин жумуштан алууну талап кылышкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, аталган департаменттин кызматкери карышкыр аткандарга каршылык көрсөтүп, ал тургай акча да талап кылган. Жайында 3 айдын ичинде жайлоого чыккандардын мал-жандыктарына карышкыр тийип, орточо эсеп менен 1 млн сом зыян болгон.

«Кара-Тейит жана Кара-Мык айылдары Тажикстан менен чектеш. Чек араны тосуучу тосмолор жок. Тажикстандан өткөн карышкырлар биздин койлорго бат-баттан кол салып турат. Ал тургай үркүтүп, Тажикстандын аймагына киргизип кеткен учурлар да кездешет. Алардан сырткары, өзүбүздүн тоолордо деле карышкыр көп кездешет. Эки тараптан карышкырлар кол салып, чабандарды чыгымга учуратып жатканда мергенчилердин жардамы керек. Чоң-Алайдагы департаменттин өкүлү каршылык көрсөтпөсө, биз жардам бермекпиз», - деди мергенчи Курсан Чөжөев.

Жекенди айыл өкмөтүндөгү 5 айылда 10го чукул мергенчилер бар. Алар курал алып жүрүүгө атайын уруксат кагаздары да бар экенин айтышат. Тыюу салууларга чейин бир баш карышкыр аткан мергенчилерге айыл өкмөт 5 миң сомдон сыйлык берип турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×