Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуЧоң-Алай району 17.03.2017 17:18

Жар-Башы айылында калың кар басып калган үйдүн ээсине 90 миң сом берилди

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Жар-Башы айылында ушул жылдын 19-февралында калың жааган кар басып калган үйдүн ээси Мамаразак Мусаевге Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 90 миң сом тапшырды.

Уюмдун Ош облусундагы филиалынын директору Таалайбек Кулмурзаевдин айтымында, Ош облусунун аймагында 1-мартка карата 1100дөн ашык турак үй камсыздандырылды. Уюм тарабынан былтыр облустун аймагындагы ар кандай кырсыктардан улам жараксыз абалга келген 3 үйгө 1 млн 125 миң сом жардам берилген.

М.Мусаевдин айтымында, калың жааган кар басып калган үйү учурда жараксыз абалда турат.

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна 600 сом менен үйдү камсыздандыргам. Бүгүн мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан 90 миң сом алдым. Учурда жаңы үй курууну пландап жатам», - деди М.Мусаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×