Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 27.03.2017 17:39

Чоң-алайлык окуучулар республикалык театр фестивалында 50 миң сом менен сыйланды

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Ак-Суу мектебинин окуучулары республикалык театр фестивалында 2-орунду ээлешти. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев билдирди.

Анын айтымында, театр фестивалынын республикалык туру 23-24-март күндөрү Бишкек шаарында өткөн.

«Биздин окуучулар "Азаттык ыры" спектаклин аткарышты. Окуучуларыбыз буга чейин райондук, облустук баскычтарда 1-орунду ээлешкен. Республикалык турда 2-орунду алып, 50 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту», - деди П.Бактыбаев.

«Азаттык ыры» спектакли облуста ак-караны чагылдырган эң мыкты спектакль деп табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×