Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуЧоң-Алай району 04.04.2017 08:54 На русском

Айыл турмушу: Климаты катаал Кара-Тейит айылында күнөскана ачкан пенсионер жылына эки жолу түшүм алат (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндөгү Кара-Тейит айылынын 65 жаштагы тургуну Шарабидин Маширапов өз айылында 2 жыл мурда күнөскана куруп, жашылчалардан жылына эки жолу түшүм алууда. Аймактык кабарчы дыйкан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Тейит Чоң-Алай районунун Тажикстан менен чектешкен эң алыскы айылы. Кышы узакка созулган бул айылдын климаты татаал, деңиз деңгээлинен 2400-3400 метр бийиктикте жайгашкан.

«Биздин район тоолуу болгондуктан жергиликтүү тургундарды мал чарбасыз элестетүү мүмкүн эмес. Жаз мезгилинде негизинен картошка өстүрүүгө болот. Элдин көбү дыйканчылыкка караганда мал чарбачылыгына жакын. Мен 10 жылдан бери дыйканчылык боюнча эл аралык фонд менен биргеликте иш алып бардым. 2 жыл мурун күнөскана куруу планымды айтсам, алар колдоп беришти. Биздин күнөскана башка аймактагыларга караганда башкача ыкма менен курулат. Шамалдын басымы күчтүү, ошол себептүү желим менен жасалган күнөскана биздин климатка туруштук бере албайт.

Биз төрт тарабын тең дубал кылып уруп чыгабыз. Үстү гана желим менен тосулат. Кышкысын суук 28 градусту түзөт. Күнөсканадагы жулуулукту 18 градустан түшүрбөйбүз. Жылына эки ирет түшүм алам. Быйыл экинчи түшүмдү декабрь айында алып, жаңы жыл майрамында саттым. Негизинен күнөсканада помидор, бадыраң, болгар калемпири өстүрүлөт», - деди ал.

Дыйкан быйыл бадыраңды көбүрөөк өстүрүү үчүн экинчи күнөсканасын курууда.

«Помидор менен бадыраңды бир күнөсканада өстүрүү бар аз кыйынчылык туудурат экен. Бадыраң сууну сүйгөн өсүмдүк. Быйыл дагы бир күнөсканага бадыраң өстүрүүнү пландап жатам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×