Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 11.04.2017 14:11

Чоң-Алайда жылдын мыкты мугалими болгон К.Алипбекова сынакка 3 ай даярданган (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектебинин география мугалими Кенжекан Алипбекова «Жыл мугалими-2017» сынагынын жеңүүчүсү болду. Райондун билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Имарбак Бакиров аймактык кабарчыга билдиргендей, эми жеңүүчү аталган сынактын облустук туруна катышат.

«Кечээ, 10-апрель күнү райондогу алдыңкы мугалимдерди тандаган сынак өткөрдүк. Ага жалпысынан 13 мектептен тандалган мугалимдер катышып, 5 баскычта ар кандай тапшырмаларды аткарды. Сынактын алкагында иш кагаздар менен иштөө, өзүн коргоо, сабак өтүү, ийрим парады тапшырмалары аткарылып, ыңгайсыз суроолор берилди. Жыйынтыгында өзүнүн ар тараптан күчтүү мугалим экендигин Кенжекан Алипбекова далилдеп, баш байгеге ээ болду.

1-орунга Көк-Суу орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Дилайым Кожоева чыгып, грамота, белектер менен сыйланды», - деди И.Бакиров.

Райондогу мыкты мугалим аталган Кенжекан Алипбекова сынакка 3 ай даярдык көргөнүн кошумчалады.

«Мен 9 жылдан бери география мугалими болуп эмгектенем. Сынакта атаандаштарым аябай күчтүү болду. Мен 3 ай бою даярдандым. Жеңип чыгам деп ишенген эмесмин, жеңүүчү болгонумду укканда аябай кубандым», - деди К.Алипбекова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×