Бөлүмдөр
Жекшемби, 26-май
Ош облусуЧоң-Алай району 15.04.2017 12:00

Чоң-Алайдагы айыл өкмөттөрдө «Ыймандуу элге кут келет» конференциясы өттү (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы бардык айыл өкмөттөрдө «Ыймандуу элге кут келет» аталышындагы конференциялар уюштурулду. Райадминистрация маалымдагандай, иш-чарага Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров, райондун имам-хатиби Эрмек Ташбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери айыл тургундары катышты.

Конференциянын башкы максаты — элди ынтымакка чакыруу. Анын жүрүшүндө экстремизден алыс болуу, туура эмес диний агымдарга азгырылбоо, ашыкча ысырапкерчиликке бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, элди ынтымакка чакырышты.

Райондо Чоң-Алай, Кашка-Суу, Жекенди айыл өкмөттөрү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×