Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 03.05.2017 14:57

Бүгүнкү жер титирөөдөн Чоң-Алайдагы дубалдарда жаракалар пайда болду

Turmush -  Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 3-майда саат 10:47де катталган жер титирөөнүн кесепетинен Чоң-Алайдагы имараттардын дубалдарынан жарака кетти. Жашоочулар Жекенди айыл аймагынын айылдарындагы айрым турак жайлардын, коро-сарайлардын дубалдарында майда жаракалар пайда болгонун билдиришти.

Жеринен тактоо үчүн ӨКМдин райондук бөлүмүнүн башчысы жана жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында, Ош шаарынан түштүк-батышка 192 чакырымда, Чоң-Алай районундагы Карамык айылынан түштүк-батышка 47 чакырымда, Шибээ айылынан түштүк-батышка 55 чакырымда жана Баткен шаарынан түштүк-чыгышка 120 чакырымда жайгашты.

Жер титирөө Шибээ, Карамык айылдарында 5 баллга, түштүктөгү айрым айылдарда 4 баллга чейин жеткен. Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×