Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Ош облусуЧоң-Алай району 03.05.2017 15:59

Жер титирөөдө Чоң-Алайдагы сарайдын дубалы 1 адамды басып калды

Turmush -  Бүгүнкү жер титирөө учурунда Чоң-Алай районунда сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калды. 

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Чулук айылында болуп, жабырлануучуну коңшулары куткарып калууга жетишкен. Ошондой эле, турак үйлөрдүн биринде жалгыз калган 2 жаш бала чочуп калган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда абалы жакшы.

Жер титирөөнүн кесепетинен Жекенди айыл аймагынын Карамык айылындагы 10 турак үйдүн дубалынан жаракалар пайда болгон. Райондогу, Ош шаарындагы айрым социалдык объектилердин дубалдарынан да жаракалар пайда болгону маалымдалды. Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, саат 10:47де катталган жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында, Ош шаарынан түштүк-батышка 192 чакырымда, Чоң-Алай районундагы Карамык айылынан түштүк-батышка 47 чакырымда, Шибээ айылынан түштүк-батышка 55 чакырымда жана Баткен шаарынан түштүк-чыгышка 120 чакырымда жайгашты.

Жер титирөө Шибээ, Карамык айылдарында 5 баллга, түштүктөгү айрым айылдарда 4 баллга чейин жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×