Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 03.05.2017 18:18

Фоторепортаж - Очогундагы күчү 7 баллга жеткен бүгүнкү жер титирөөнүн кесепеттери

Turmush -  Бүгүн 3-майдагы жер титирөөнүн кесепетинен Чоң-Алайдагы Жекенди айыл аймагынын Карамык айылындагы 10 турак үйдө жаракалар пайда болду. Андагы жашоочуларга коопсуздук үчүн көчүп чыгуу эскертилди.

Ошондой эле, айылдагы оорукананын, бала бакчанын жана мектептин имараттары жабыркады. Учурда жер титирөө боюча тактоо иштери улантылып жатат.

Мектеп

 Оорукана

Айылдагы жаракалар пайда болгон үйлөрдүн жашоочулары коопсуз аймакка чатырларды тигип киришти.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, саат 10:47де катталган жер титирөөнүн күчү 7 баллга жетип, очогу Тажикстандын аймагында, Ош шаарынан түштүк-батышка 192 чакырымда, Чоң-Алай районундагы Карамык айылынан түштүк-батышка 47 чакырымда, Шибээ айылынан түштүк-батышка 55 чакырымда жана Баткен шаарынан түштүк-чыгышка 120 чакырымда жайгашты.

Жер титирөө Шибээ, Карамык айылдарында 5 баллга, түштүктөгү айрым айылдарда 4 баллга чейин жеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×