Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 04.05.2017 09:05 На русском

Жер титирөөдө Чоң-Алайда таш кулап, 110 баш кой өлдү

Turmush -  Кечээ, 3-майдагы жер титирөө учурунда Чоң-Алайдагы Кара-Мык айылында таш кулап, жайытта жүргөн 110 баш койду басып калды, деп билдиришти жергиликтүүлөр аймактык кабарчыга.

Маалыматка караганда, койлор бир адамга тиешелүү болгон. Анын ичинен 15 башын адалдап союуга жетишкен.

Ошондой эле, жер титирөөдөн кийин Жекенди айыл аймагындагы Карамык айылында 26 турак үй изилденип, анын ичинен 24 үй, 1 ФАП жана почтанын имараты авариялык абалга келгени аныкталды.

Шибээ айылында 118 үй изилденип, анын ичинен 9 үй авариялык абалда болуп чыкты.  

Жекенди айылында 36 үй изилденип, 15 үй, 1 мектеп жана 1 ФАП авариялык абалда болсо, Чулук айылында 1 үй авариялык абалга келип, мектептин дубалында майда жаракалар пайда болгон.  

Кара-Тейит айылында 100 үй изилденип, 17 үй авариялык абалда деп табылды. ФАПтын имаратында дагы майда жаракалар пайда болгон.  

Райондук жарандык коргонуу комиссиясы 4 топко бөлүнүп, жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Ошондой эле, ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу жер титирөө катталган аймакка чыгып кетишкен.

Главное фото

Кыргызстандын Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, кечээ, 3-майда саат 10:47де катталган жер титирөөнүн күчү 7 баллга жетип, очогу Тажикстандын аймагында, Ош шаарынан түштүк-батышка 192 чакырымда, Чоң-Алай районундагы Карамык айылынан түштүк-батышка 47 чакырымда, Шибээ айылынан түштүк-батышка 55 чакырымда жана Баткен шаарынан түштүк-чыгышка 120 чакырымда жайгашты.

Жер титирөө Шибээ, Кара-Мык айылдарында 5 баллга, түштүктөгү айрым айылдарда 4 баллга чейин жеткен.
Жер титирөөнүн кесепеттери
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×