Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусуЧоң-Алай району 04.05.2017 14:42

Өлкө аймагында кайрадан жер титирөө катталды

Turmush -  Бүгүн, 4-майда саат 12:57де Кыргызстандын аймагында жер титирөө катталды. Алдын ала алынган маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасында катталып, очогундагы күчү 4 баллга чейин жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Алга, Кара-Тейит айылдарында 3,5-4 баллга, Карамык айылында 3,5 баллга сезилди.

ӨКМ буга чейин акыркы суткада өлкө аймагында 6 жолу жер титирөө катталганын билдирген. Кечээки жер титирөө учурунда Чоң-Алай районунун Чулук айылында сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калды. Жабырлануучуну коңшулары куткарып калууга жетишкен.

Жер титирөөнүн кесепетинен райондогу социалдык объектилер, турак үйлөрдөн жарака кетип, айрым дубалдар кулап калды.

Жер титирөөнүн кесепеттери

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×