Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 05.05.2017 16:25

Бүгүнкү 4 жолку жер титирөөдөн Чоң-Алайдагы үйлөрдөн жарака кетип, дубалдар кулады

Turmush -  Бүгүн, 5-майда очогундагы күчү 7 жана 5 баллга жеткен жер титирөөдөн Чоң-Алай районундагы үйлөрдөн жаракалар пайда болуп, айрым үйлөрдүн дубалы кулап түштү. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы жер титирөөдөн адамдар жабыркаган жок, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Учурда атайын комиссия жер титирөөнүн зыяндарын аныктап жатат.

Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, саат 11:09да катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 7 баллга жетти. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-6,5 баллга, Баткенде 4-4,5 баллга, Ош шаарында 3 баллга сезилген.

Экинчи жолу саат 11:15те кайталанган жер титирөө 5 балл болуп, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 4 баллга, Баткенде 2,5-3 баллга сезилген.

Саат 12:38де катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 5 баллга, саат 13:03тө катталган жер титирөө 4 баллга жетти. Анын күчү Карамык Кара-Тейит айылдарында 4,5 балл, Алга айылында 5 жана 4 балл болду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×