Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-май
Ош облусуЧоң-Алай району 05.05.2017 18:36

3-майдан берки жер титирөөдөн Чоң-Алайда 903 турак үй жабыркады (фото)

Turmush -  Кыргызстандын аймагында 3-майдан бери катталган жер титирөөлөрдүн кесепетинен Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагындагы 903 турак-үй ар кандай даражада жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүн, 5-майдагы билдирүүсү боюнча, жарандык коргонуу комиссиясы изилдөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгын берди.

Текшерилген турак үйлөрдүн ичинен:

- 92 үй 1-даражада;

- 204 турак үй 2-даражада;

- 285 турак үй 3-даражада;

- 319 турак үй 4-даражада;

- 3 үй 5-даражада жабыркаганы такталган.

Учурда тактоо иштери улантылып жатат.

Турак үйлөрү кооптуу болуп калган жашоочулар үчүн ӨКМ тарабынан 300 чатыр тигилди. Шибээ айылына 21 даана, Жекенди айылына 33 даана, Чулук айылына 63 даана, Кара-Тейит айылына 90 даана жана Карамык айылына 63 даана чатыр жеткирилген.

Бүгүн, 5-майда өлкө аймагында 4 жолу жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында саат 11:09да катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 7 баллга жетти. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-6,5 баллга, Баткенде 4-4,5 баллга, Ош шаарында 3 баллга сезилген.

Экинчи жолу саат 11:15те кайталанган жер титирөө 5 балл болуп, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 4 баллга, Баткенде 2,5-3 баллга сезилген.

Саат 12:38де катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 5 баллга, саат 13:03тө катталган жер титирөө 4 баллга жетти. Анын күчү Карамык Кара-Тейит айылдарында 4,5 балл, Алга айылында 5 жана 4 балл болду.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, өлкө аймагында 3-4-майда 6 жолу жер титирөө катталган. Жер титирөө учурунда Оштогу Чоң-Алай районунун Чулук айылында сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калды. Жабырлануучуну коңшулары куткарып калууга жетишкен.

3-майдагы жер титирөөнүн кесепеттери:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×