Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 06.05.2017 13:56

Өлкө аймагында жер титиреди

Turmush -  Кыргызстандын аймагында бүгүн, 6-майда саат 09:35те жер титирөө катталды. ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Чоң-Алайдагы Кара-Тейит айылынан түштүк-батышка 23 чакырымда, Карамык айылынан түштүк-батышка 27 чакырымда жайгашты. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Жер титирөөнүн очогундагы күчү 3-3,5 баллга жетип, Кара-Тейит айылында 3 баллга, Карамык айылында 2-3 баллга сезилген.

Картаны чоңойтуу үчүн басыңыз.

Карамык

Кечээ, 5-майда өлкө аймагында 4 жолу жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында саат 11:09да катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 7 баллга жетти. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-6,5 баллга, Баткенде 4-4,5 баллга, Ош шаарында 3 баллга сезилген.

Экинчи жолу саат 11:15те кайталанган жер титирөө 5 балл болуп, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 4 баллга, Баткенде 2,5-3 баллга сезилген.

Саат 12:38де катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 5 баллга, саат 13:03тө катталган жер титирөө 4 баллга жетти. Анын күчү Карамык Кара-Тейит айылдарында 4,5 балл, Алга айылында 5 жана 4 балл болду.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, өлкө аймагында 3-4-майда 6 жолу жер титирөө катталган. Жер титирөө учурунда Оштогу Чоң-Алай районунун Чулук айылында сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калды. Жабырлануучуну коңшулары куткарып калууга жетишкен.

Учурда жер титирөөнүн кесепеттерин тактоо иштери улантылып жатат.

3-майдагы жер титирөөнүн кесепеттери:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×