Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-май
Ош облусуЧоң-Алай району 07.05.2017 14:04

Чоң-Алайдагы жер титирөөлөрдүн кесепетинен жалпы 510 чатырга 3 миңге жакын адам жайгаштырылды

Turmush -  Чоң-Алай районундагы жер титирөөлөрдүн кесепетинен жалпы 510 даана чатырларга 2964 жаран жайгаштырылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан 7-майда билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-майда саат 09:35 жана саат 13:15те Тажикистан жана Кыргызстандын чек ара аймагында күчү 3.5-5,5 баллга жеткен 2 жолу жер титирөөлөр катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 2-5 баллга чейин сезилген.

Жекенди айыл аймагындагы жер титирөөнүн кесепетинен тоо кыркаларынын астында жайгашкан ички чарбалык каналдын төмөн жагында жер көчкү коркунучу пайда болуп, Кара-Мык айылынын Кара-Ширалжин участкасында 3 турак-жайга, андан сырткары Кара-Тейит айылынын Алыш-Сай участкасында 4 турак-жайга жана 1 мечитке кооптуулукту жараткан. Жалпы 7 турак жай 1 мечит кооптуу аймакта жайгашкан.

Буга чейин маалымдалгандай, 5-майда өлкө аймагында 4 жолу жер титирөө катталган. Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында саат 11:09да катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 7 баллга жетти. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-6,5 баллга, Баткенде 4-4,5 баллга, Ош шаарында 3 баллга сезилген.

Экинчи жолу саат 11:15те кайталанган жер титирөө 5 балл болуп, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 4 баллга, Баткенде 2,5-3 баллга сезилген.

Саат 12:38де катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 5 баллга, саат 13:03тө катталган жер титирөө 4 баллга жетти. Анын күчү Карамык Кара-Тейит айылдарында 4,5 балл, Алга айылында 5 жана 4 балл болду.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, өлкө аймагында 3-4-майда 6 жолу жер титирөө катталган. Жер титирөө учурунда Оштогу Чоң-Алай районунун Чулук айылында сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калды. Жабырлануучуну коңшулары куткарып калууга жетишкен.

Учурда жер титирөөнүн кесепеттерин тактоо иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×