Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-май
Ош облусуЧоң-Алай району 08.05.2017 12:00

Фото - Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон 10дон ашык жер титирөөлөрдүн кесепеттери

Turmush -  Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында болгон бир нече жер титирөөлөрдүн жыйынтыгында Чоң-Алай районунун Жокенди айыл округунда жүздөгөн үйлөр жабыркады.

Turmush басылмасынын кабарчысы айыл округдун айылдарында болуп, жер титирөөнүн кесепеттери менен жеринде таанышып кайтты. 3-майдан 7-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында 10дон ашык жер силкинүү катталган.

Буга чейин маалымдалгандай, 5-майда өлкө аймагында 4 жолу жер титирөө катталган. Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында саат 11:09да катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 7 баллга жеткен. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 6-6,5 баллга, Баткенде 4-4,5 баллга, Ош шаарында 3 баллга сезилген.

Экинчи жолу саат 11:15те кайталанган жер титирөө 5 балл болуп, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит жана Алга айылдарында 4 баллга, Баткенде 2,5-3 баллга сезилген.

Саат 12:38де катталган жер титирөөнүн очогундагы күчү 5 баллга, саат 13:03тө катталган жер титирөө 4 баллга жетти. Анын күчү Карамык Кара-Тейит айылдарында 4,5 балл, Алга айылында 5 жана 4 балл болгон.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, өлкө аймагында 3-4-майда 6 жолу жер титирөө катталган. Жер титирөө учурунда Оштогу Чоң-Алай районунун Чулук айылында сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калган. Жабырлануучуну коңшулары куткарып калууга жетишкен. Учурда жер титирөөнүн кесепеттерин тактоо улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×