Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 08.05.2017 13:21

Видео: Чоң-Алайда жер титирөөдөн кийин ашар менен салынган мектеп толук жарактан чыкты

Turmush -  Бүгүн, 8-майга караган түнү Чоң-Алай районунда катталган жер титирөөдөн кийин Жекенди айыл өкмөтүнүн Шибээ айылындагы Ташбек уулу Гапар атындыгы мектеп жараксыз абалга келди.

Мектептин мугалими Максуда Алашованын айтымында, мектептин ичине кирген кооптуу болуп жатат.

«Биздин мектеп буга чейин эле авариялык абалда болгон. Бул жолку жер титирөөдөн такыр жарабай калды. Окуучуларды окута албайбыз. 10 жылдан бери эле жараксыз абалдагы мектепте иштеп келем. Жер титирөөдө мектептеги 2 компьютерибиз да сынып, иштебей калды. Мамлекет тарабынан бизге мектеп же ФАП салынган эмес. Ашар жолу менен салынган мектеп эле. Министр Гүлмира Кудайбердиева жаңы мектеп салынаарын айтты», - деди Алашова.

Кара-Мык айылындагы Ак-Суу орто мектеби жер титирөөдөн зыян тарткан эмес. Ал мектеп 2016-жылдын декабрь айында пайдаланууга берилген. Аталган эки мектепте тең убактылуу окуучулар окутулбай турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×