Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 15.05.2017 14:11

Чон-Алайдагы дарыянын суусу көбөйүп 15 үйдү суу каптоо коркунучу жаралды (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясында суу кескин көбөйүп, кооптуу абал жаралды.

ӨКМдин маалыматына караганда, Дароот-Коргон айылынын Кошулуш аймагындагы суу жээктерди алып, 15тей турак жай коркунучта калды.

Ошондой эле Дароот-Коргон айылын аралап өткөн Дароот суусунун деңгээли көтөрүлүп, турак үйлөргө кооптулук жараткан. Чоң-Алай айыл аймагы тарабынан 250-300 даана кап бөлүп берип, жээгин бекемдөө иштери башталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×