Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-май
Ош облусуЧоң-Алай району 17.05.2017 11:25

Жер титирөөдөн жабыр тарткан Жекендиге 120 тонна цемент жеткирилди

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндө жер титирөөдөн жабыркагандарга арзандатылган 120 тонна цемент жеткирилди. Бул тууралуу аталган райондун аппарат жетекчиси Файзидин Низамов билдирди.

Анын айтымында, цементтер Кызыл-Кыядан алынып келинүүдө.

«Буга чейин райондо цементтин баасы 8 сомдон сатылып келген. Мамлекет тарабынан жол чыгымдары төлөнүп, учурда жергиликтүү тургундар 5 сомдон арзандатылган баада сатып алышууда. Атайын Кызыл-Кыя цемент заводу менен аким Жумадилла Жапаров, 2 миң тонна цементке келишим түздү. Жергиликтүүлөр цементтерди сатып алышууда», - деди ал.

Учурда Жекенди айыл өкмөттүндө 550 чатыр тигилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×