Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 19.05.2017 09:29

Дароот-Коргондо 2 кабаттуу бала бакча салына баштады

Turmush -  Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылына 50 орундуу бала бакча курула башталды. Бул тууралуу аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев билдирди.

Анын айтымында, 2 кабаттуу имараттын курулушу Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланууда. Бала бакчаны ушул жылдын 31-августуна бүтүрүү пландалган.

Ушундай эле бала бакчанын курулушу Кашка-Суу айыл аймагынын Кара-Бак айылында да башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×