Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Фото - Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн 13 адам жашаган Кожобековдордун үйү жарактан чыкты

Turmush -  Чоң-Алай районунда очогундагы күчү 7 баллга жеткен жер титирөөдөн кийин жаш балдар коркуп, малдын баасы да кескин төмөндөп кетти. Бул көйгөй тууралуу Кара-Тейит айылынын 65 жаштагы тургуну Гүлбү Кожобекова аймактык кабарчыга билдирди.

«Биз үйдө эки келиним менен жалпы 13 адам жашайбыз. Жер титирөө болгон күнү барыбыз үйдө элек. Биздин үйүбүз 5-даражада жабыркап, жараксыз деп табылды. Азыр боз үйдө, чатырда жашап жатабыз. Кичинекей балдарым коркуп калгандыктан үйгө кирбей жатышат. Азыр өкмөттүн колдоосу менен арзан баада курулуш материалдары берилүүдө. Жер титирөөдөн кийин малдын саны кескин төмөндөп кетти», - деди Г.Кожобекова.

Анын айтымында, буга чейин 30-40 миң сомго бааланып келген уйларды 15 миң сомдон алып жатышат.

3-майдан 7-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында 10дон ашык жер силкинүү катталган.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, өлкө аймагында 3-4-майда 6 жолу жер титирөө катталды. Жер титирөө учурунда Оштогу Чоң-Алай районунун Чулук айылында сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калган. Жабырлануучуну коңшулары куткарып калууга жетишкен.

Жер титирөөнүн кесепетинен Чоң-Алай районунда жалпы 1 миңден ашык турак жай текшерилди. Анын ичинен 8 үй урап түшкөн жана 530дан ашык турак жай авариялык абалда деп табылды.

Жер титирөөнүн кесепеттери:

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2130
×