Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 27.05.2017 10:10

Тажикстандагы 5 баллдык жер титирөө Чоң-Алайдын айылдарында 3,5 баллга жетти

Turmush -  Бүгүн, 27-майга караган түнү саат 01:09да Тажик Республикасынын аймагында жер титирөө катталып, Ош облусундагы жашоочуларга дагы сезилди.

Кыргызстандын Сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогундагы күчү 5 баллга жетти. Анын күчү Ош облусунун Кара-Тейит, Карамык айылдарында 4 баллга, Шибээ айылында 3,5 баллга, Кулчу, Жар-Башы айылдарында 3 баллга сезилди.

ӨКМдин билдирүүсү боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×