Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 02.06.2017 08:55

Чоң-Алайдагы жер титирөөнүн күчү 5 баллга жетти

Turmush -  Кыргызстандын аймагында кечээ, 1-июнда саат 21:10 чамасында очогундагы күчү 5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институту берген маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Ош облусунун Чоң-Алай районунун аймагында болгон.

Жер титирөөнүн күчү Жар-Башы, Кулчу, Чак, Кара-Шыбак айылдарында 4,5 баллга, Шибээ айылында 4 баллга, Карамык, Кара-Тейит, Ачык-Суу айылдарында 3,5 баллга жетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Картаны чоңойтууүчүн басыңыз:

кАРТА

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×