Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 04.07.2017 08:36

Фото - Чоң-Алайдын Кызыл-Эшме айылында сел жүрүп, үйлөрдү каптады

Turmush -  Кечээ, 3-июлда Чоң-Алай районунда жааган катуу жаандан улам Кызыл-Эшме айылында 2 турак жайды, ички чарбалык жолдорду сел каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саат 18:00 чамасындагы сел айылдагы 4 чакырым жолду каптаган. Ага кошо 2 турак жайдын ичине, 1 турак жайдын короосуна суу кирген. Селдин кесепеттерин өз убагында жоюу максатында ӨКМдин тиешелүү кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин техникасы иштеп жатат. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×