Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Ош

Жер титирөөдөн кийин чатырда жашап жаткан жекендилик ветеринарларга 600 миң сом тапшырылды

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүндө жер титирөөдөн улам үй жайсыз калган ветеринарларга материалдык жардам көрсөтүлдү. Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ветеринарларга 198 миң сомдон таратылды.

Райондун акиминин орун басары Исмаил Тагаев быйыл каар оор түшүп, тоюттун эрте түгөнүшү мал-жандыктардын арык болуп, малдын баасы төмөндөгөнүнө себеп болгонун айтты.

Жеке ветеринар Анапия Тагаев мамлекет тарабынан ар түрдүү жардамдар көрсөтүлүп жатканын, бирок жалпы ветеринардык коомчулук тарабынан мындай чоң жардамды күтпөгөнүн айтып, бардык кесиптештерине өзүнүн үй-бүлөсүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

2017-жылы 3-5-май күндөрү жер титирөөдөн улам турак жайлары жараксыз абалда калган Жекенди айыл аймагындагы ветеринардык адистер — Турдали Сарыгулов, Асатилла Туратов жана Анапия Тагаев үй-бүлөсү менен чатырда жашоого аргасыз болушкан. Ага байланыштуу Ветеринардык палатанын адистеринин демилгеси менен үй жайсыз калган ветеринарларга көмөк көрсөтүү максатында «Мен четте карап турбайм» акциясы уюштурулуп, банктан атайын эсеп ачылган.

Бул демилгени министрлик, министрликтин алдындагы айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун, Ветеринардык палатанын эмгек жамааттары жана республиканын бардык облустарында эмгектенип жаткан жеке ветеринардык адистер дагы колдоп, банктык эсепке бир айдын ичинде 600 миң сомго жакын акча каражаты түшкөн.

Жекенди айыл өкмөтүндө жер титирөөдөн жабыркаган 210 турак жай бузулуп, июнь айында курулуш иштери башталган.

Ушул жылы 3-майдан 7-майга чейин кыргыз-тажик чек арасында 10дон ашык жер силкинүү катталган.
Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, өлкө аймагында 3-4-майда 6 жолу жер титирөө катталды. Жер титирөө учурунда Оштогу Чоң-Алай районунун Чулук айылында сарайдын дубалы кулап, 1 адамды басып калган. Жабырлануучуну коңшулары куткарып калууга жетишкен.

Жер титирөөнүн кесепеттери:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 972
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×