Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Дароот-Коргондо 8,7 млн сомго курулган спорт зал ачылды (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында жаңы курулган спорт зал пайдаланууга берилип, кызыл тасмасы кесилди.

Айыл өкмөттүн башчысы Таир Жайчибеков аймактык кабарчыга билдиргендей, ачылыш аземге акимдин орун басары Исмаил Тагаев, жергиликтүү тургундар катышты.

«Спорт залдын курулушу өткөн жылы башталып, бүгүн пайдаланууга бердик. Жалпы тендердик баасы 8 млн 700 миң сомду түзгөн. Бул спорт залды айылыбыздагы А.Мырзакулов мектебине өткөрүп беребиз. Муну менен жаштарга спорт менен машыгып, сергек жашоого жакшы шарттар түзүлдү», - деди Т.Жайчибеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1343
Көп окулду
×