Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Фото - Ленин чокусуна сапарга чыгуу сезону салтанаттуу ачылды

Turmush -  Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүндө Ленин чокусуна сапарга чыгуу сезону салтанаттуу ачылды. Ачылыш аземге 22 мамлекеттен келген 171 турист катышканын айыл өкмөттүн башчысы Рахматилла Саитов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын Ленин чокусуна туристтерди тартуу максатында улуттук ат оюндар, бука тартыш сыяктуу мелдештер уюштурулуп, туристтер күбө болушат. Быйыл дагы улуттук оюндардын 6 түрү көрсөтүлүп, улуттук буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду.

Майрамдык салтанат бейөкмөт уюмдар тарабынан каржыланып, туристтер үчүн жылдагыдай эле лагерлер уюштурулган. 

Сүрөттөр Алай районунун тургуну Канат Шарипбековго таандык.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1812
×