Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 31.08.2017 16:13

Чоң-Алайда Эгемендик майрам менен кошо райондун 25 жылдыгы белгиленүүдө

Turmush -  Бүгүн, 31-августта Чоң-Алай районунда Эгемендүүлүк майрамы менен кошо Чоң-Алай районунун 25 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, кош майрамга карата 8 боз үй тигилип, улуттук каада-салттар, тамак-аштар, кол өнөрчүлүктөр көрсөтүлүүдө. Салтанаттын жүрүшүндө, райондун түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарга «Райондун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылып, ыраазычылык баракчалары тапшырылды.Андан соң мекеме-ишканалардын жөө жүрүшү орун алды. Учурда маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланууда.

Майрамдын жүрүшү кыз-жигиттердин сармердени менен улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×