Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Академик А.Эркебаев Чоң-Алайдагы үйү менен жерин бала бакчага берди (фото)

Turmush -  Коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылындагы 5 бөлмөлүү үйүн 40 сотых жери менен бала бакчага пайдаланууга берди. Заманбап шарттар түзүлгөн турак үйдүн документтери бүгүн, 1-сентябрда мектептеги иш-чарада тапшырылганын айыл тургуну Рахматила Азимов кабарчыга билдирди.

Ошондой эле, өзүнүн китептерин аталган айылдагы Ак-Суу орто мектебине белекке тапшырган. Буга чейин бул айылда бала бакчанын жоктугу чоң көйгөй жаратып келген эле.

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мурунку президенти А.Эркебаев 1953-жылы Кара-Тейит айылында төрөлүп, ошол айылда өскөн. Академик 8 китептин жана 150дөн ашык илимий макалалардын автору. 

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10353
Көп окулду
×