Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Фото - Чоң-Алайда 2 окуучу кыз каза болуп, 3 адам жабыркаган «Лексус» той кортежин коштоп чыккан (толукталды)

Turmush -  Кечээ, 17-сентябрда Сары-Таш—Карамык унаа жолунун 112-чакырымында 17 жаштагы окуучу баланын башкаруусундагы унаа оодарылып кетти. Анын кесепетинен оор жаракат алган 9 жана 16 жаштагы кыздар көз жумду.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, окуя саат 14:15 чамасында болгон. Карамык айылынын айдоочулук күбөлүгү жок 17 жаштагы тургуну атасынын унаасын айдап чыккан. Ал унаага туугандарын салып бара жатканда жарды сүзүп токтоп, унаанын ичиндеги 9 жана 16 жаштагы кыздар окуя болгон жерде көз жумган. Алардан башка 3 адам — унаанын айдоочусу, 1999-жылы жана 2003-жылы төрөлгөн кыздар жаракат алып, Чоң-Алай аймактык ооруканасына жаткырылды.

Кийинчерээк маалым болгондой, Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынын тургуну үйлөнүү той өткөргөн. Жаңы турмуш курган жубайларды коштоп чыккан кортежге «Лексус РX 300» унаасы менен туугандары да кошулган. Ал унаа Кара-Тейит айылынан райондун борбору Дароот-Коргон айылына бара жатканда жарды сүзүп, оодарылып кеткен.

Учурда бул факты боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Тиешелүү экспертизалар да дайындалды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 13494
Көп окулду
×