Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 26.09.2017 09:13

Чоң-Алайдагы В.Ленин мектеби 32 жылдан бери оңдоло элек (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районундагы В.Ленин атындагы орто мектебинин имараты 33 жылдан бери капиталдык оңдоодон өтө элек. Учурда коопсуздук жаралганына карабастан окуучулар эски имаратта билим алууну улантууда.

Кечээ, 25-сентябрда премьер-министр Сапар Исаков, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Жогорку Кеңештин депутаты Жыргал Калмаматов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Чоң-Алай районунун акими Жумадилла Жапаров аталган мектептин абалы менен таанышып чыгышты.

Маалым болгондой, мектеп акыркы жолу 1985-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×