Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ош

Чоң-Алайдагы 2 оорукананын жаңы имараттары жакында ачылат (фото)

Turmush -  Ош облусундагы Чоң-Алай районунун Карамык жана Жекенди айылдарындагы ооруканалардын жаңы имараттарынын курулуш иштери аяктап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматка ылайык, аталган айылдардагы ооруканалардын эски имараттары 2017-жылдын жазындагы жер титирөөнүн кесепетинен бузулган.

«Ооруканалар 15 керебетке ылайыкталды. Курулуш иштери ушул жылдын август айында башталган эле. Ал эми, ноябрь айынын ортосунда бардык иштерди жыйынтыктоо жана объекттерди колдонууга берүү пландалууда. Бүгүнкү күндө эки имараттын чатыры жабылып, жылытуу системасы орнотулду», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2264
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×