Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-сентябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 26.10.2017 09:47

Эртең менен өлкө аймагында жер титиреди

Turmush -  Бүгүн, 26-октябрда саат 07:30да Чоң-Алай районунун аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында болуп, Жайылма айылынан 15 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Кашка-Суу айылынан 17 чакырым түндүк-чыгышта, Кара-Кабак айылынан 19 км түштүк-чыгышта, Кабык айылынан 20 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 90 км түшүк-батышта  жайгашкан.

Жер титирөө Жайылма, Кашка-Суу, Кара-Кабак айылдарында 3 баллга, Кабык айылында 2,5 баллга сезилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×