Бөлүмдөр
Жума, 23-февраль
Ош

Чоң-Алайда 2 оорукананын жаңы имараттары ачылат (фото)

Turmush -  Оштун Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн кийин пайдаланууга жарабай калган 2 оорукананын жаңы имараттары ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Мамкурулуштун директору Бактыбек Абдиев Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Карамык жана Жекенди айылдарындагы 2 оорукананын курулуш иштери менен таанышты.

Объекттер эски имараттардын ордуна июль айынын ортосунан тарта курулуп баштаган. Учурда резервуарлар, жылытуу системасы, канализация жана суу түтүктөрү орнотулуп бүттү. Объекттердин ичин жасалгалоо жана алардын аймагын жакшыртуу иштери калды. Ошондой эле, Мамкурулуштун жетекчиси аныктаган кемчиликтер кечиктирилбей жоюлуп жатат.

Маалыматта белгиленгендей, 2 объект тең типтүү долбоор боюнча курулду. Аларда эмкана, лаборатория, дарылоо, терапия бөлмөсү жана төрөт үйү жайгашат. Бул имараттардын курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 894
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×