Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Ош

Чоң-Алайдагы оорукана жаңы реанимобиль менен кызмат көрсөтүп баштады

Turmush -  Чоң-Алай районундагы А.Молдоболотов атындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборуна жаңы реанимобиль унаасы тапшырылып, пайдаланылып жатат. Бул белек элдин ден соолугун бекемдөөгө чоң салым кошот, деп билдирди оорукананын жамааты.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев Чоң-Алай районуна болгон иш сапарында оорукананын эки кабаттуу жаңы имаратынын ачылыш аземине катышып, медициналык кызматтын сапатын жогорулатууга мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеген. Ошондой эле, мамлекет тарабынан элдин саламаттыгы үчүн Чоң-Алай районунун элине реанимобиль тез жардам унаасы белекке бериле турганын айткан.

Учурда дарыгерлер жаңы унаа менен элге кызмат көрсөтүп жатышат.

IMG-20171231-WA0013[1]

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1509
Көп окулду
×