Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-июль
Ош

Кара-Тейит айылында толук курула элек спорт зал кышка карата пайдаланууга берилди

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу орто мектебинин жаңы курулган спорт залы пайдаланыла баштады. Айылда андан башка спорттук зал жок болгондуктан окуучулар дене тарбия сабактарын спорт залда өтүп жатышат. Ал эми, имараттын расмий ачылыш аземи жаз мезгилинде болот.

Мектептин директору Зуур Амирбековдун айтымында, аталган мектептин окуу имараты өткөн жылы пайдаланууга берилген. Учурда жыйындар зал, ашкана жана спорт залдын курулуш иштери улантылып жатат.

«Биздин мектептин жалпы сметалык баасы 58 млн сомду түзгөн. 225 орундуу имаратка өткөн жылдын башында киргенбиз. Быйыл ашканасы, 150 орундуу чоң жыйындар залы, спорт зал курулуп жатат. Кышка карата курулуш иштери убактылуу токтотулган. Спорт залдын чоң залы даяр болуп калгандыктан убактылуу окуучуларды киргизип, дене тарбия сабактарын, ийримдерди өткөрүп жатабыз. Айылда башка спорт зал жоктугунан айылдагы жаштар дагы келип, ойноп жатышат», - деди директор.

Учурда аталган мектепте 243 окуучу билим алууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1536
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×