Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 24.02.2018 10:30 На русском

Чоң-Алайдын Кара-Кабак айылында үйлөргө кооптуулук жараткан суу тазаланды

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кара-Кабак айылындагы 3 үйгө кооптуулук жаратып жаткан жер астындагы суу толугу менен тазаланды. Бул туралуу айыл башчысы Шералы Шамурзаев билдирди.

Анын айтымында, учурда эски 610 метр дренаждык канал тазаланып, жаңы 485 метр болгон жаңы дренаждык канал курулган. Буга чейин жер алдындагы тоң ээрип, 3 үйгө кооптуулук жаратып келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Учурда дренаждык каналдан чыккан суу бир жерге топтолууда.

«Эски 610 метр болгон дренаждык канал толугу менен тазаланды. Жаңы 485 метр дренаждык канал курулду. Бирок 105 метр жер тоңголок болгондуктан техника дагы каза албай койду. Учурда жер астындагы суу агызылып, каналдын аягына топтолууда. Топтолгон суу кооптуулук жаратып жаткан 3 үйгө кедергисин тийгизбейт», - деди Шамурзаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×