Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Видео - Чоң-Алайда боорунда жазуу бар козу туулду

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айылында туулган козунун боорунан арабча жазуу табышты. Бул тууралуу козунун ээси Абдилаким Курбанбеков кабарчыга билдирген.

Анын айтымында, козу 22-февраль күнү туулган. «Биз мал менен тиричилик кылабыз. Быйыл бир кой боорунда жазуусу бар козу тууду. Аны диний сабаты барларга көрсөтсөк эки тарабында тең Аллахтын аты жазылганын айтышты. Бир жак капталындагы жазуу даана көрүнөт. Экинчи капталында дагы бар, бирок ал жакшы окулбайт. Жаңы туулган козу башкалардан эч кандай айырмасы жок. Козулар менен бирге чоңоюп жатат», - деди А.Курбанбеков.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2411
Көп окулду
×