Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 02.03.2018 10:13

Чоң-Алайда жаңы курулуп жаткан мектептин пайдубалынан жарака кетти

Turmush -  Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндөгү жаңы курулуп жаткан Эсенгелди уулу Максатбек атындагы мектептин имаратынын пайдубалында жаракалар пайда болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Жашоочулардын айтымында, курулуш талапка жооп бербейт. Пайдубалда арматура жок болгондуктан жарылып кеткен. Аталган мектеп 375 орунга ылайыкташып курула баштаган. Жалпы сметалык баасы 62,5 млн сомду түзгөнү маалымдалган эле. Бирок 6 млн сом гана бөлүнүп, пайдубалы түптөлгөн.

Аталган мектептин эски имараты 12 жылдан бери жараксыз абалда деп айтылып келет. Учурда 400 окуучуга ылайыкташтаган авариялык мектепте 610 бала билим алууда. Эски мектептин чириген чатырынан суу да агат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×