Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Чоң-Алайдын Дароот-Коргон айылында 8 млн сомго курулган бала бакча ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-апрелде Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 50 орундуу бала бакча ачылып, кызыл тасмасы кесилди. Бул тууралуу райондун акиминин орун басары Саадат Туйгунова билдирди.

Анын айтымында, ачылыш аземине өкмөттүн облустагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов, райондун акими Жумадилла Жапаров жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Дароот-Коргон айылынын Дара тилкесине 50 орундуу эки кабатуу бала бакча жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулду. Жалпы сметалык баасы 8 млн сомду түздү. Бала бакча «Дара» бала бакчасы болуп ачылды», - деди С. Туйгунова

Аталган айылда буга чейин 3 бала бакча иштеп жаткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 644
Көп окулду
×