Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 24.05.2018 10:17

Чоң-Алайдагы 10-20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектептерге дарбаза орнотуп, айылга көпүрө курушту

Turmush -  Чоң-Алай районундагы мектепти 20 жыл, 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр көпүрө салып, мектептерге дарбаза орнотуп беришти. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Пазыл Бактыбаев билдирди.

Анын айтымында, Алайчы уулу Саит жана А.Мурзакулов орто мектептеринин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү 120 миң сом сарптап, мектепке дарбаза орнотуп жана атын жаздырып беришкен.

Ал эми Жекенди айылынын башчысы Мунажидин Галов билдиргендей, Кыргызстан орто мектебинин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү курган көпүрө пайдаланууга берилди. «Биздин айылды аралап өткөн суу бар. Буга чейин атайын суу түтүктөрү гана коюлган. Бүтүрүүчүлөр көпүрө салып берип, баарыбызды кубандырды. Жалпы 100 миң сом сарпталган. Көпүрө пайдаланууга берилип, суудан кыйналбай өтүп калдык», - деди М.Галов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×