Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-ноябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 18.06.2018 17:08 Жаңыланды: 18.06.2018 19:21 На русском

Чоң-Алайдагы балык чарба жабылды. Текшерип келген комиссияга балыктар акысыз берилип турган

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Кызыл-Туу айылынын тургуну Максымбек Садыков 6 жыл мурун балык чарбасын уюштуруп, форель балыгын өндүрө баштаган. Бирок жердин тиешелүү күбөлүгү берилбей, учурда балык чарбанын иши токтоп калды. Бул тууралуу өзү аймактык кабарчыга билдирген.

Бул айылда форель балыгы үчүн 4 көлмө уюштурулган болчу.

«Мен балык чарбасын түзүп, айыл элин балык менен камсыз кылууну көздөп, көлмө уюштургам. Айыл өкмөттөн уруксат алып, жеке ишкер деген күбөлүккө да ээ болгом. Коммерциялык эмес кооператив түзүп, 2 миңге чейин форель балыгын көбөйттүк. Балыктарды Бишкектеги лабораториядан өткөрүп келген элек. Биздин айылдын шартына форель балыгынын 3-4 түрүн өндүрсө болот экен.

Учурда тиешелүү документтерим толук, бир гана жерди пайдаланууга мамлекеттик каттоо бөлүмү уруксат бербей жатат. Айылда балык чарбасын уюштурам дегендер көп, бирок баарыбыз эле жерге келип такалып жатабыз. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жердин документи жоктугунан текшерип келген комиссияга балыктарды акысыз эле берип жатышты. Акыры чарбанын ишин токтотууга туура келди.

Жерди ижарага алып иштетүү үчүн буга чейин премьер-министр болуп турганда Сооронбай Жээнбековго, Сапар Исаковго кат жазгам. Каттарыма жооп келип, бул иш облуска, облус районго өткөрүп берген. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Учурда жер маселесинин чечилишин күтүп отурам. 6 жылдан бери жыйынтык жок», - деди М.Садыков.

Ал эми райондун акиминин биринчи орун басары Исмаил Тагаевдин айтымында, балык чарба сурап жаткан жер суу фондуна тиешелүү.

«Балык чарбасын уюштурууга бардык документтерди даярдоого колдоо көрсөткөнбүз. Бирок Максымбек Садыков сурап жаткан жер суу фондуна тиешелүү болууда. Жер кодексинин 92-беренесине ылайык жер суу фондунун уруксаты менен гана берилет. Биз жерди берүүгө укугубуз жок», - деди И.Тагаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×