Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 21.07.2018 21:10

Элдик уламыш: Чоң-Алайдагы бай 4 аялына энчилеп берген жайлоолор алардын каймана аттарынан аталып калган (фото)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Карамык айылындагы байдын 4 аялынын атын алып жүргөн 4 кичи жайлоо бар. Аймактык кабарчы алардын таржымалын сураштырды.

Айылдын тургуну, тарыхчы Чолпонбай Назарали уулунун айтымында, ал бай убагында ар бир аялына, өзү жашаган чөлкөмдөгү жылгаларды бөлүп берип, алардын мүнөзүнө жараша ат койгон.

«Бир байдын 4 аялы болгон экен. Ал өзү Босого деген жерге боз үй тигип, 4 аялын 4 жылгага бөлүп коюптур. Эң улуу аялына берилген жайлоо Кары деп аталган. Эң сулуу аялына Ак-Маңдай жайлоосу, үчүнчү митаам, куу аялына Сары-Кыйык жайлоосу, эң кичүү аялына Токол жайлоолорун бөлүп бериптир. Ар бир аялы өзүнүн жайлоосунда күн кечирген», - деди ал.

Ал буга катар эле айылдагы башка жайлоолор жөнүндө маалымат берди.

«Биздин айылда кызыктуу жайлоолор аябай эле көп. Карамык айылынын эли бүркүттөр уялаган Шумкар зоосунун жанындагы Бугу-Баш жайлоосуна отурукташып келишет. Бугу-Баш жайлоосунда 4 кичи жайлоо орун алган. Жайлоонун Бугу-Баш аталып калышына, бугулардын көп байырлаганы себеп болгон экен. Балыкчылар балык тутканы барып, суудан бугулардын мүйүздөрүн табышканы да буга далил. Учурда бугулардын мүйүздөрү В.И.Ленин атындагы орто мектептин музейинде сакталып келет. Бугу-Баш жайлоосу аябай чоң жайлоолордун бири. Деңиз деңгээлинен 4700 метр бийиктикте орун алган. Жайлоонун артында Шумкар зоосу бар. Ал 6000 метр бийиктикте турат. Аталган зоого бүркүттөр, шумкарлар уялашат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×