Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Ош облусуЧоң-Алай району 03.08.2018 19:34 На русском

Сүрөт — Чоң-Алайда Ленин чокусунун 90 жылдык мааракесин белгилешти

Turmush -  Бүгүн, 3-август күнү Чоң-Алай районунда Ленин чокусунун 90 жылдык мааракеси белгиленди. Майрамдык салтанатка өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн өкүлдөр, район акими Жумадилла Жапаров, акимдин орун басарлары, райондогу 3 айыл өкмөттүн башчылары, сырттан келген коноктор жана жергиликтүү тургундар күбө болуп жатышат, деп билдирди аймактык кабарчы.

90 жылдык мааракени белгилөө Кашка-Суу айыл өкмөтү тарабынан демилгеленген. Салтанаттын жүрүшүндө улуттук ат оюндары, кол күрөш, таяк тартыш, аркан тартыш, күрөш боюнча мелдештер да өтүп жатат. Мындан сырткары айылдык кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү, тамак-аш көргөзмөлөрү уюштурулган. Ал эми конокторду дасторкон үстүндө коноктоп жатышат.

Катышуучулардын арасында чет өлкөдөн келген туристтер дагы бар.

Ленин чокусу Чоң-Алай кырка тоосундагы эң бийик чоку. Бийиктиги 7134 метрге жетет. Чокуга альпинисттер биринчи болуп 1934-жылы чыгышкан.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×