Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-октябрь
Ош облусуЧоң-Алай району 15.08.2018 17:33

Чоң-Алайдагы чокуда россиялык альпинист каза болду

Turmush -  Чоң-Алай районундагы Абрамов чокусунда таш кулап, Екатеринбург шаарынан келген альпинист каза болду. Мындай кырсык болгонун Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады, деп билдирди кабарчы.

Маалым болгондой, 12-август күнү саат 10:00 чамасында 32 жаштагы В.Кирилл Чоң-Алай районунун Кара-Казык тоосундагы Абрамов атындагы чокудан 4800 метр бийиктиктен түшүп келе жаткан. Ошол учурда таш кулап түшүп, денесинен оор жаракат алган. Анын кесепетинен ошол жерде көп узабай көз жумду.

Бул окуя Чоң-Алай РИИБдин кылмыш каттоо китепчесине кокустук катары катталып, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Айрым маалыматтарга караганда, В.Кирилл таш кулап жатканы тууралуу топтун башка мүчөлөрүн кабардар кылып, өзү качууга үлгүрбөй калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×